Тренддер
«Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
Мыйзам долбоорунда 2027–2029-жылдарга республикалык бюджеттин кирешелери, чыгашалары жана профицити боюнча негизги параметрлер, башкы тескөөчүлөргө, тескөөчүлөргө жана бюджеттик каражаттарды алуучуларга бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрү, ошондой эле бюджеттер аралык трансферттердин, капиталдык салымдардын жана мамлекеттик маанидеги башка чыгашалардын көлөмдөрү аныкталат.
Бюджеттин долбоорун түзүүдө фискалдык саясаттын негизги багыттары, макроэкономикалык болжолдуу көрсөткүчтөр жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктары эске алынды.
Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу максатында 2026-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде аталган Мыйзам долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар өткөрүлдү.
Угуулардын жүрүшүндө саламаттык сактоону, дары-дармек менен камсыздоону, оорулардын алдын алууну жана эрте диагностикалоону, онкологиялык жардамды, майыптыгы бар балдарды колдоону, реабилитацияны жана социалдык чөйрөнүн башка маселелерин каржылоого байланыштуу сунуштар айтылды.
Түшкөн сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралып, алардын айрымдары бюджеттин долбоорун андан ары тактоодо эске алынды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында Мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди жана келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен 2027–2029-жылдарга республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн параметрлери көбөйтүү багытында такталды. Тиешелүү өзгөртүүлөр ушул Мыйзам долбоорунда эске алынды.
Бюджеттин долбоору мамлекеттик финансынын туруктуулугун камсыз кылууга, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткарууга жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын каржылоого багытталган.
Тиркелген файлдар