Menu
Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ ЕАӨБ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Д.Ильин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы учурдагы портфелдин алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун натыйжасында тараптар Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
3 сүрөттөр
18.82MB