Дем берүүчү гранттардын эсебинен 560,6 млн. сомго 287 долбоор каржыланды

Дем берүүчү гранттардын эсебинен 560,6 млн. сомго 287 долбоор каржыланды

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен долбоордук-сынактын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктуралык объектилерин (социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2022-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджетте 600,0 млн сом каралган. 

2022-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2022-жылдын 4-мартындагы № 15-01/3 протоколуна ылайык, 297 долбоор жактырылган.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын берилген отчетторунан көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, дем берүүчү (үлүштүк) грант акча каражаттарынын (өздүк, карыздык, республикалык бюджет) долбоордун түрүнө жараша отчет берилгенден кийин). 

2022-жылы ишке ашырууга 297 долбоор бекитилген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого берилген арыздар боюнча 2022-жылдын 11 айында “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 560,6 млн сомго 287 долбоор каржыланган, анын ичинен 148 объекти бүткөрүлгөн. 

 

Региондор боюнча дем берүүчү гранттык каражаттарды бөлүштүрүү:

п/п

Региондордун аталышы

 01.12.2022-жылга

Обектилердин көлөмү

Стимгранттын көлөмү (млн.сом)

Республика боюнча

287

560,6

в том числе:

1

Баткен

30

67,5

2

Жалал-Абад

57

118,3

3

Талас

25

49,5

4

Чуй

47

89,4

5

Нарын

34

69,2

6

Ысык-Көл

42

65,3

7

Ош

52

101,4

 

Распределение данных средств по категориям:                                              

п/п

Категориялар

01.12.2022-жылга

Обектилердин көлөмү

Стимгранттын көлөмү (млн.сом)

1

Мектептер

113

202,7

2

Бала бакчалар

53

100,4

3

Маданий маанидеги объектилер

31

57,5

4

Спорттук курулуштар

26

55,5

5

Саламаттыкты сактоо мекемелери

10

16,9

6

Инженердик-коммуникациялык инфраструктуранын объекттери

53

126,7

7

Административдик имараттар

1

0,9

 

Жалпы

287

560,6

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курулуш иштерин жүргүзүүдө подрядчыларды аныктоо үчүн тендердик процедураларды өткөрүшөт. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн келишимдерди берүүсү шарт. Ага ылайык каржылоо дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
4420