Menu

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы боюнча маалымат

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы боюнча маалымат

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы КРдин Чүй облусундагы тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайына кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №222 Жарлыгына ылайык 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыздык мамлекеттик монополия киргизилген.

Ушуга байланыштуу өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана заводдун үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл чараларды көрүү зарылдыгы келип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы 479-т тескемесине ылайык, “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР Финансы министрлиги 2022-жылдын 27-сентябрында 280 млн сом бюджеттик кредит 2023-жылдын 15-декабрында кайтаруу мөнөтүү менен берилген. 

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы бюджеттик кредиттөөнүн алкагында ишкананын инфратүзүмүн жакшыртып, суткасына 5000 декалитр этил спиртин өндүрүү боюнча пландалган өндүрүштүк көрсөткүчтөрго жетишти.

МФКР

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3246