Menu
Тренддер
КР Финансы министрлигинин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 110 миң сом өлчөмүндө айып салды
КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды.
Ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу), Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга жалпы суммасы 110 миң сом өлчөмүндөгү 2 айып пул салган.