Menu

ФИНМИН: МАМЛЕКЕТИБИЗ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ БОЛГОН ЖАҢЫ ДОЛБООРДУН ПАЙДУБАЛЫНА МЕЗГИЛ КУТУСУН САЛУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

ФИНМИН: МАМЛЕКЕТИБИЗ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ БОЛГОН ЖАҢЫ ДОЛБООРДУН ПАЙДУБАЛЫНА МЕЗГИЛ КУТУСУН САЛУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

 

Бүгүн 2025-жылдын 23-сентябрында  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Булуң айылында мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон жаңы долбоордун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К. Бакетаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу К.Т. Туманбаев жана Финансы министринин орун басары У.И. Календеров катышты.

Финансы министри Алмаз Бакетаев ачылыш аземинде Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп, өлкө башчыбыздын туризмди өнүктүрүү, региондорду колдоо жана эл үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу багытындагы саясаты келечектеги артыкчылыктуу максаттарды аныктоого өбөлгө түзгөндүгүн баса белгиледи.

“Ысык-Көл аймагында туризм инфраструктурасын заманбап деңгээлге чыгаруу, ички жана тышкы туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү – биздин долбоордун башкы максаты. Долбоорду ишке ашыруу өлкөбүздүн келечеги үчүн жасалган маанилүү инвестиция. Бул – жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаштар үчүн жаңы жумуш орундары жана мамлекет үчүн кошумча киреше булактарын жаратат” – деп кошумчалады министр.

            Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев: “Урматтуу Президентибиз бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, республика боюнча бардык аймактарда масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Көптөгөн маанилүү объектилер курулуп, пайдаланууга берилди. Акыркы 30 жыл ичинде кыйроого учураган мамлекетибиз кайра жанданып, бутуна туруп келе жатат. Ысык-Көлдө бүгүнкү күнгө чейин болбогон заманбап пансионатты куруп, бүтүрүп, пайдаланууга беребиз”, – деп билдирди өз сөзүндө.

            Пансионат Финансы министрлигинин кызматкерлери үчүн гана эмес, жалпы жарандар үчүн да жеткиликтүү болуп, аймактагы туризмдин жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы борборуна айланат. Салтанаттуу азем жергиликтүү тургундарга жылуу каалоо-тилектер айтылып, жыйынтыкталды.

 

https://www.youtube.com/watch?v=JR0M8U8SGXg

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
369

Окшош жаңылыктар