Menu
Тренддер
ФИНАНСЫЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
2025-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Финансылык жанаэкономикалык кызматкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттын жүрүшүндө Финансы министринин биринчи орун басары Суйналиев Руслан Мырзабекович жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан финансылык саясаттын ийгиликтерине кеңири токтолду. Ал белгилегендей, соңку жылдары өлкөнүн финансы тармагында олуттуу жылыштар болду. Бюджет профицит менен аткарылып, ички дүң продукциянын көлөмү биринчи жолу тарыхта триллион сомдон ашты. Бул — бир гана көрсөткүч эмес, бул мамлекеттин туруктуулугунун жана финансисттердин жогорку кесипкөйлүгүнүн натыйжасы.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал: “Ар бир финансист - бул мамлекеттик жоопкерчиликти көтөрүп жүргөн адам. Сиздердин ишиңиздер өлкөнүн өнүгүүсүнө, элдин бакубат жашоосуна жана финансылык коопсуздукка багытталган. Бул чоң эмгек жана терең урматка татыйт,”- деп баса белгиледи.
Иш-чаранын ардактуу коноктору катары Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынын башчысы Мидин Турманов жана Кыргызгидромет кызматынын директорунун орун басары Асилкан Раманкулова катышып, Финансы министрлигинин жалпы жамаатын майрамы менен куттукташты. Алар финансы системасынын ачык-айкын жана ишенимдүү иштешиндеги маанилүү милдеттерди белгилеп, мамлекеттик органдар арасындагы жемиштүү кызматташтыкты дагы тереңдетүү ниетин билдиришти.
Салтанаттын жүрүшүндө министрликтин мыкты адистерине ведомстволук сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды. Коллективдин ынтымагын жана достугун чыңдоо максатында айымдар арасында волейбол, эркектер арасында футбол боюнча өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгы боюнча жеңишке жетишкен командаларга атайын сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланышты.
9 сүрөттөр
0.00MB