Menu

Айыл чарбаны каржылоо 4,4 млрд. сомго өстү
2022-жылдагы дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу, азык-түлүк коопсуздук маселеси курч болууда. Ошол себептен бюджеттин чыгашасы бир кыйла көбөйдү. 2021-жылга 2,2 млрд. сом каржыланган болсо, быйылкы жылы бюджеттен 8,8 млрд. сом каражат жумшоо пландалууда. 2022-жылдын 10 айында чыгашалардын көлөмү 7,5 млрд. сомду түздү.
Ал эми айыл чарба тармагын колдоо боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй. Өткөн жылы 12,2 млрд. сомду түзсө, быйыл 16,6 млрд. сом суммасында багыттоо пландалууда. Ошону менен бирге 2022-жылдын 10 айына карата 13,6 млрд. сомдук каржы багытталды. Жеңилдетилген кредиттерге 3,4 млрд. сом берилди, мындан тышкары АЧК (айыл чарбаны каржылоо) боюнча 4,4 млрд. сомго кредиттер берилди.