Menu
Тренддер

Айыл чарбасын каржылоо-10
Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат. Бул долбоорлорду ишке ашырууну баштагандан тартып 120 794 чарбалык субъектилерге 51,73 млрд. сом суммасында кредит берилген, анын ичинде:
- «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 33,02 млрд. сом суммасында 96 128 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;
- «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 7,86 млрд. сом суммасында 22 197 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;
- «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 10,85 млрд. сом суммасында 2 469 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 6 коммерциялык банкы катышып, кредиттөөнүн көлөмү 4,9 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 1-январына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 8 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 774,77 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.