Евробиримдик санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргыз Республикасына 3,0 млн евро которду

Евробиримдик санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргыз Республикасына 3,0 млн евро которду

Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 3,0 миллион евро (271 185 900 сом) которду.

Бул гранттык каражаттар 3,0 миллион евро өлчөмүндө Жогорку технологиялар паркындагы Инновациялык санариптик компетенция борборунун ишин жеңилдетүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Санарип-Аймак системасын, өлкөнүн киберкоопсуздугун жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.

Бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.

Ошондой эле бюджеттик колдоо электрондук өкмөттү, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарын окутуу программалары менен коштолот.

Кыргыз тарап жана Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү санариптик трансформация бардыгына, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилешти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4185