Тренддер
Министринин орун басары Руслан Татиковдун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн жыйыны өттү
Жолугушууда Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо долбоорун ишке ашыруу талкууланды.
Долбоордун максаты: микро-, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризисти жеңүүдө, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам берүүнү каржылайт. Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:
- Айыл Банк
- Керемет Банк
- РСК Банк
- Азия Банкы
- ФинансКредит Банк
- Кыргызстан КБ
- Халык Банк Кыргызстан
- Капитал Банк ЦА
- Дос-Кредобанк
- Кыргызкоммерцбанк
- Бакай Банк
- Кыргыз-Швейцария Банк
Долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чоң жана жемиштүү иштерди аткарды. Ошентип, ушул жылы Дүйнөлүк банк менен аталган долбоорду кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 2022-жылдын июнь айында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 50 миллион доллар өлчөмүндөгү келишимге кол коюлган. Андан ары КР Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашууну ратификациялоо үчүн документтердин пакетин иштеп чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашты жана Жогорку Кеңешке жөнөттү, кийинчерээк ал Жогорку Кеңеш тарабынан жыйындарда жактырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин чыгаруу үчүн документтердин пакетин даярдап, кызыкдар министрликтер жана мекемелер менен макулдашты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына жөнөтүлгөн. Бул тескеме 2022-жылдын сентябрында 521-т номери менен чыгарылган. Бул 1-компоненттин кайтарылуучу финансылык жардамынын жалпы суммасын 111 750 000 АКШ долларына жеткирет.
Ошентип, ишкерлерди мотивациялоо максатында, жарамдуу чыгашалардын тизмеси кеңейтилди, кайтарылуучу финансылык жардамдын өлчөмдөрү жана шарттары көбөйтүлдү, ал эми бенефициарларды тандоо критерийлери жөнөкөйлөштүрүлдү. Жаңы шарттарга ылайык категориялар боюнча максималдуу суммалар 36 айга чейинки мөөнөткө тиешелүүлүгүнө жараша 1 000 000 сом жана 3 000 000 сом чегинде аныкталат. Мындан тышкары, максаттуу чыгашалардын тизмесине инвестициялык каржылоо кошулуп, ишкердин активдүү ишмердүүлүгүнүн критерийи 6 айга чейин кыскартылды.
Азыркы учурда катышуучу банктарга 1 млрд сомдон ашык которулду жана 3000дин тегерегинде ишкерлер 900 миллион сомдон ашык каржыланды.