Menu
Тренддер
2025-ЖЫЛДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖОГОРУЛООСУ: ИДП МЕНЕН БЮДЖЕТТИК КИРЕШЕЛЕР КӨП ЖЫЛДЫК ЧЕКТЕРДЕН АШТЫ
КРФМ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
2025-жылдагы бюджеттин жыйынтыктары мамлекеттик кирешелердин олуттуу өсүшүн көрсөтүүдө. Быйыл өлкөнүн каржылык ресурстары 1,1 триллион сомго жетип, бул өтгөн жылга салыштырмалуу 403,2 миллиард сомго көп болууда.
Кирешелердин негизги булагы болуп салык жана бажы кызматтары администрициялаган салыктар жана төлөмдөр саналат — 452,7 миллиард сом.
Анын ичинен, Салык кызматы аркылуу түшө турган каражат 301,1 миллиард сомду түзүп, бул 2024-жылга караганда 72,8 миллиард сомго көп. Ал эми Бажы кызматы аркылуу түшкөн каражат 151,6 миллиард сомду түзүп, бул 2024-жылдагы деңгээлден 28,6 миллиард сомго жогору болду.
Мындай жыйынтык позитивдүү экономикалык динамика менен камсыздалды: январь–ноябрь айларында ИДП көлөмү 1,6 триллион сомго жетип, 10%дан ашык өсүштү көрсөттү. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун көбөйүшү, орточо эмгек акылардын өсүшү, ошондой эле дүйнөлүк алтын баасынын жогорулашы бюджетке кошумча түшүүлөрдү камсыздады.
Салык жана бажы администрлөөсүнүн айкындуулугу, процесстердин санариптештирилиши жана көзөмөлдүн күчөтүлүшү чогултууну жакшыртты. Көп жыл ичинде биринчи жолу ички салыктардын үлүшү импорттук салыктардан ашып, 52%ды түздү, бул ички салык базасынын чыңдалып жатканын көрсөтөт; мындан ары да бул тенденция кийинки жылдарда сакталары күтүлүүдө.
Мамлекеттин салыктан тышкаркы кирешелери 2025-жылы 192 миллиард сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Алардын түзүлүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы олуттуу салым кошту, ошондой эле мамлекеттик акциялар пакетинен түшкөн дивиденддер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер жана башка булактар бар.
Активдер жана милдеттенмелер боюнча түшүүлөр 317,4 миллиард сомду түзөт, бул мамлекеттик баалуу кагаздардын жана евробонддордун чыгарылышы аркылуу камсыздалды.
Ошентип, 2025-жыл — каржылык туруктуулукту бекемдөө, кирешелердин көбөйүшү жана ички экономиканын күчөшү мезгили болду. Кыргызстан жаңы жылга бекем экономикалык база менен кадам таштоодо.