Menu
Тренддер
КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ 11 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ПЛАНДАН АШЫКЧА АТКАРЫЛДЫ
КРФМ
Кыргызстандын мамлекеттик жана республикалык бюджеттери быйылкы он бир айдын жыйынтыгында пландан жогору аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары Талант Келдибеков билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөнүн киреше бөлүгү туруктуу өсүп, салык, бажы жана салыктык эмес түшүүлөр бекем сакталды, бул бюджеттин туруктуулугуна жана мазмундуу аткарылышына шарт түздү.
Негизги чыгымдар — социалдык чөйрө, билим берүү, саламаттык сактоо жана экономика багыттары — толук каржыланды. Өзгөчө экономика жана инфраструктурага багытталган каражаттар көбөйгөнү белгиленди.
Аткарылган иштердин натыйжасында бюджет профицит менен жабылды.
Финансы министрлиги билдиргендей, бюджеттик туруктуулукту чыңдоо, каражаттарды натыйжалуу башкаруу жана коомчулукка ачык-айкын маалымат берүү багыты мындан ары да улантылат.