Menu
Тренддер

Ош облусунун Тынчтык айылындагы Ж. Токтосунов атындагы көчөгө асфальт төшөө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин колдоосу менен 2022-жылы “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланган долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл өкмөтүнүн «Тынчтык айылындагы Ж. Токтосунов атындагы көчөгө асфальт төшөө» долбоору.
Долбоордун жалпы суммасы 4427,7 миң сомду түздү: анын ичинен айыл өкмөтүнүн өздүк каражаттарынан 1609,5 миң сом жумшалды, ал эми КР Финансы министрлиги «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен (2022-жылдын 1-ноябрына карата) 845,4 миң сом бөлдү. Жылдын соңуна чейин дагы 1972,8 миң сом каржыланат.




4 сүрөттөр
4.05MB