Menu

АКЖОЛОВ НУРБЕК АКЖОЛОВИЧ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

АКЖОЛОВ НУРБЕК АКЖОЛОВИЧ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

КРФМ

 

            Акжолов Нурбек Акжолович Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасында 2009-жылдан бери эмгектенет жана 16 жыл бою эл аралык финансы мамилелери чөйрөсүндө адистен баштап башкармалыктын начальнигине чейинки ар кандай кызматтарды аркалаган.

Өзүнүн карьерасында тышкы, ички, бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы булактардан мамлекеттик инвестицияларды стратегиялык пландоого басым жасаган, эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан берилген программалык (бюджеттик) жардамдар боюнча реформалар саясатынын матрицасынын шарттарын аткарууну координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестицияларына ылайык республикалык бюджетти пландоо, даярдоо жана аткаруу менен алектенген.

Ал Финансы жана кредит багыты боюнча жогорку билимге ээ, ошондой эле Япониянын алдыңкы университеттеринде бизнес башкаруу магистри (MBA) даражасын алган, “Тышкы жардамдын Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө тийгизген таасири” темасында изилдөө жүргүзгөн.

Үй-бүлөлүү, үч баланы тарбиялайт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
937

Окшош жаңылыктар