Menu
Тренддер
А.БАКЕТАЕВ: БИЗДЕ ЭНЕРГЕТИКА, ТУРИЗМ, САНАРИПТЕШТИРҮҮ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА БАШКА МААНИЛҮҮ ТАРМАКТАРДА КЫЗМАТТАШУУНУН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министр А.Бакетаевдин төрагалыгы алдында эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча Ар тармактуу кыргыз-австриялык комиссиянын 8-жыйыны болуп өттү.
Жолугушуу 1994-жылдын 31-январында Вена шаарында (Австрия Республикасы) кол коюлган эки тараптуу тышкы экономикалык байланыштар жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Федералдык Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын алкагында өттү. Эскерте кетсек, жолугушуулар Бишкек шаарында 2022-жылдын 29-мартында болуп өткөн.
Кеңешмеге Австрия Республикасынын Федералдык Илим, изилдөө жана экономика министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Франц Вессиг баштаган Австриянын делегациясы катышты. Жолугушууда экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Австриянын Федералдык Илим, изилдөө жана экономика министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Франц Вессигге ыраазычылык билдирип, ийгиликтүү диалог мындан ары эки өлкөнүн өнүгүүсүнө күчтүү түрткү берерин белгиледи.
«Соода-экономикалык кызматташтык эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өз кезегинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт. Мындан сырткары Кыргызстанда ыңгайлуу экономикалык шарттар түзүлгөн. Бизде энергетика, туризм, санариптештирүү, экология жана башка маанилүү тармактарда кызматташуунун келечеги кең”, -деп баса белгиледи А.Бакетаев. Кыргыз Республикасынын Финансы министри эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүүнү сунуштады.
Австрия Республикасынын Федералдык Илим, изилдөө жана экономика министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Франц Вессиг өлкөлөр ортосундагы мамилелер өз ара ишенимдин жана урматтоонун негизинде өнүгүүсү керектигин белгилеп, КРдин финансы министри А. Бакетаевге делегацияны жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча Ар тараптуу кыргыз-австриялык комиссиянын 8-жыйынынын протоколуна кол коюлду.
11 сүрөттөр
34.97MB