А. К.Бакетаев Корея Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фонду (EDCF) менен Алкактык макулдашууга кол койду

А. К.Бакетаев Корея Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фонду (EDCF) менен Алкактык макулдашууга кол койду

Экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фондунан(EDCF) алынган кредиттер жөнүндө Алкактык макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министри А. К. Бакетаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2025-2029-жылдарга Экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фондунан(EDCF) алынган кредиттер жөнүндө Алкактык макулдашууга кол коюлду.

       Бул макулдашуу өлкөнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык артыкчылыктарына багытталган негизги инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына каражат бөлүп берүүнү карайт.

      Маалымат үчүн: EDCF - бул 1987-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн индустриализациясын жана экономикалык өнүгүүсүн колдоо жана Корея Республикасы менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү үчүн түзүлгөн саясий фонд.

        EDCF - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жолдорду, темир жолдорду, ооруканаларды, мектептерди жана суу жана канализация тутумдарын куруу аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык өнүгүүнү жана жакырчылыкты кыскартууну колдогон жардам Фонду болуп эсептелет.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

PNG
IMG_4778.PNG

0.18 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
957