Menu
Тренддер

КР Финансы министрлиги тарабынан 3645 ишкерлерге колдоо көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кредиттик линияларды башкаруу башкармалыгын адиси А.Акматов «Кыргызстандын соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын ассоциациясынын аткаруучу директору Ж.Тентимишов менен бенефициарларга (акыркы керектөөчүлөргө) учурдагы кайтарылуучу финансылык жардам тууралуу маселелерин талкуулады.
А.Акматов микро-, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо долбоору жана Баштапкы жана Кошумча каржылоо боюнча маалымат берди. Жолугушууда ишкерлер тарабынан кайтарымсыз каржылык жардам алуу тартибине, эрежелерине жана талаптарына өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда пайызсыз жардам алууну каалагандар үчүн минималдуу талаптар коюлган.
Белгилей кетсек, КР Финансы министрлиги тарабынан өлкөдөгү 11 банк аркылуу 3645 ишкерге колдоо көрсөтүлдү.