“БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ ПРОГРАММАСЫ ҮЧҮН КОШУМЧА КАРЖЫЛОО” ДОЛБООРУНА 11,45 $ МЛН БЕКИТИЛДИ

“БИРИНЧИ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ ПРОГРАММАСЫ ҮЧҮН КОШУМЧА КАРЖЫЛОО” ДОЛБООРУНА 11,45 $ МЛН БЕКИТИЛДИ

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 23-р буйругу менен «Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо» долбоору боюнча Гранттык макулдашуулардын тексттери Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан жалпы суммасы 11,45 млн АКШ доллары бекитилди.

   Долбоордун максаты - 2019-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу аркылуу саламаттык сактоо системасынын негизги элементтерин түзүү жана бекемдөө аркылуу кошумча каржылоо.

           Бул долбоор ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын диагностикалык жана дарылоо потенциалын чыңдоого жана ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында төлөмдөргө байланыштуу көрсөткүчтөрдү сактоого байланышкан чыгымдарды каржылоого жардам берет.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
872

Окшош жаңылыктар