Бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгына 33 жыл толду. 

Ала-Тоону байырлаган кыргыз эли өзүнүн бай тарыхы,  каада-салты, үрп-адаты жана ошондой эле тили менен улут катары калыптанып, нечендеген кылымдарды карытып келди.

Ата-бабаларыбыз нечен ирет оор тарыхый жолду басып өтсө да, улутубузду,  баалуулуктарыбызды сактап, бизге мураска калтырган.

Улуу "Манас" баштаган ондогон эпосторду жараткан тилибиз биздин эң башкы байлыгыбыз.  Андыктан кыргыз-тили өлкөнүн ичинде гана иш жүргүзүү менен чектелбестен, эл аралык мамиле курууда пайдаланылып, келечекте дүйнөлүк деңгээлге чыгышына чын жүрөктөн тилектешмин.

Мамлекетибизде тынчтыктын, өнүгүүнүн бакубатчылык нуру жанып, мамлекеттик баалуулуктарыбыз баркталып,  өлкөбүз өркүндөй берсин!

Мамлекеттик тил күнүбүз менен  куттуктайм!

Урматым менен, Алмаз Бакетаев.