Жобо

 

ыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253

токтому менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо

 

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – Министрлик) төмөнкү функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат:

1) төмөнкү жаатта мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча:

– мамлекеттик финансыны башкаруу;

– мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити, бухгалтердик эсепке алуусу жана финансылык отчеттуулугу;

– бюджеттик кредиттерди берүү;

– мамлекеттик сатып алуулар;

– салыктык эмес кирешелер;

– баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казууга жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу, жүгүртүү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын жана Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик запастарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу;

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү.

Министрлик ички аудит жана ички контролдоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Министрлик Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.

4. Министрлик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.

5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдерине өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерди ачууга укуктуу. 

6. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.

7. Министрликтин толук аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги”;

– расмий тилде: “Министерство финансов Кыргызской Республики”.

8. Министрликтин кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Финмин”;

– расмий тилде: “Минфин”.

9. Министрликтин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58.

 

2. Министрликтин максаты

 

10. Министрликтин максаты мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу болуп саналат.

 

3. Министрликтин милдеттери

 

11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик финансыны башкаруу саясатын түзүү;

2) салыктык эмес кирешелер саясатын түзүү;

3) мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудитти жана ички контролдоону өнүктүрүүнүн стратегияларын аныктоо;

4) төмөнкү маселелер боюнча ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү:

– салыктык эмес кирешелер;

– баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казууга жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу, жүгүртүү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын жана Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик запастарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу;

– мамлекеттик сатып алуулар;

– бюджеттик кредиттерди берүү;

– мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити жана ички контролдоосу, бухгалтердик эсепке алуусу жана финансылык отчеттуулугу;

5) салыктык жана бажылык түшүүлөрдү, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди башкаруу;

6) Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички мамлекеттик карызын башкаруу;

7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү.

 

4. Министрликтин функциялары

 

12. Министрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясат функцияларын:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетинин ирилештирилген болжолунун көрсөткүчтөрүн эсептейт, мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт;

- орто мөөнөттүү келечекке бюджеттин болжолдук параметрлерин иштеп чыгат жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзөт;

- республикалык бюджеттин долбоорун, ошондой эле бекитилген республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун түзөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы) берет;

- тийиштүү жылдарга мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин киреше жана чыгаша бүлүктөрүнүн болжолдорун түзөт;

- кирешелердин иш жүзүндө түшүүлөрүнө жана чыгымдарга мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

- кирешелерди мобилизациялоо жана бюджеттик бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бекитилген ченемдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет;

- бюджеттер аралык мамилелердин системасын өркүндөтүү боюнча бирдиктүү саясат жүргүзөт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) сунуш киргизет;

- республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар формасында ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун планын белгилейт жана тизмесин түзөт;

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышын кассалык тейлөөнү ишке ашырат;

- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин туруктуулугуна карата фискалдык тобокелдиктерге талдоо жана баалоо жүргүзөт;

- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти финансы ресурстары менен камсыздоонун кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдойт;

- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин кирешелерине фискалдык кайра түзүүлөрдүн таасирине баалоо жүргүзөт;

- өнүктүрүү бюджетин (мамлекеттик инвестициялардын, капиталдык салымдардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорлорун), мамлекеттик инвестициялардын жана кепилдиктердин алкагындагы тышкы финансылык, техникалык жардамды аткарууну, эсепке алууну жана талдоону ишке ашырат;

- мамлекеттик ички жана тышкы карызды болжолдойт жана талдайт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана Президенттин Администрациясына берет;

- мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзөт;

- Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик каражаттар менен операцияларды белгиленген тартипте башкарат;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм системаларына, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары катышуусун уюштурат;

- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттерди башкарат, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздайт;

- баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казууга жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын жана Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик запастарын пайдалануу, жүгүртүү, сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсеп ачат;

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга жайгаштырат;

- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн өзгөртүүгө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорун карайт жана корутундуларды берет;

- салыктык жана бажылык түшүүлөрдү, камсыздандыруу төгүмдөрүн, ошондой эле салыктык эмес кирешелерди башкаруу функцияларын координациялоону камсыздайт;

- салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;

- тийиштүү чөйрөдөгү кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик тышкы карыз алууларды жана өнүктүрүүгө расмий жардамды тартуунун жана жайгаштыруунун мамлекеттик саясатын жана стратегиясын аныктайт жана ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун бюджетинин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

- мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан даярдалган өнүктүрүүгө расмий жардамдын жана эл аралык келишимдердин, меморандумдардын жана макулдашуулардын долбоорлоруна талдоо жана баалоо жүргүзөт;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздайт;

- тышкы жана ички зайымдык каражаттарды тартуу, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүү боюнча Министрлер Кабинетинин жалгыз агентинин функцияларын ишке ашырат;

- бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бюджеттик процесстин бөлүштүрүлгөн автоматташтырылган системасынын маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынын иштешин жана өнүгүшүн камсыздайт;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегияларды, программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгат;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;

2) жөнгө салуучу функцияларын:

- салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын, анын ичинде аларга карата колдонулган айып пулдарды жана пайыздарды алардын түшүүлөрүн эсепке алуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү үчүн кайтарып берет;

- салыктык эмес кирешелер жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте кабыл алат;

- баалуу металлдарды, асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казууга жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондусунун баалуулуктарын жана Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик запасын пайдалануу, жүгүртүү, сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

3) координациялоо, контролдоо, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү функцияларын:

- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти аткаруунун жүрүшүн контролдойт жана ага талдоо жүргүзөт;

- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдойт;

- өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалары боюнча бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин жана контракттарын эсептик каттоодон өткөрөт;

- жалпы мамлекеттик салыктардын, салыктык эмес жана бюджеттердин ортосундагы башка кирешелердин бөлүштүрүлүшүнө, ошондой эле бюджеттер аралык трансферттердин пайдаланышына мониторинг жана контроль жүргүзөт;

- баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларга, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча мониторингди, жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат;

- Министрликтин компетенциясынын алкагында эл аралык финансы институттары жана донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт жана ишке ашырат;

- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялайт жана жөнгө салат;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, финансылык башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын ортосундагы маалымат алмашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансылык башкаруу органдарынын тармактык маалымат базасын камтыган борборлоштурулган маалымат сактоочу жайды уюштуруу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн координациялайт жана интеграциялайт;

- мамлекеттик ички контролдоого мониторинг жүргүзөт жана мамлекеттик ички контролдоо маселелери боюнча методологиялык колдоону камсыз кылат;

- бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту мамлекеттик башкаруу секторундагы ички аудиттин стандарттарына жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык ишке киргизүү процессин координациялайт;

- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин интеграциялык бирикмелеринин жана Кыргыз Республикасы мүчө болгон жана мүчөлүк төгүмдөрдү бюджетине төлөгөн эл аралык уюмдардын бюджетинин каражаттарын пайдаланууга ревизия (контроль) жүргүзүү процессине катышат;

- жөнгө салуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана контролдойт;

- мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген штаттык тартиптин аткарышын контролдойт жана ага мониторинг жүргүзөт;

- штаттык сандын чеги жана эмгек акы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине мамлекеттик башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин штаттык саны жана эмгек акысынын ылайык келүүсүнө талдоо жүргүзөт;

- бюджеттик мекемелердин эсептерине мониторинг жүргүзөт жана аларды контролдойт;

- ички аудит стандарттарынын кызматы тарабынан этикалык стандарттардын жана ички аудит боюнча методологиянын сакталышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;

- ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жана сертификаттоо үчүн курстарды уюштурат;

- ички аудиттин стандарттарын, этикалык стандарттарды жана кызматтык нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет;

- Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;

4) кызматтарды көрсөтүү функцияларын:

- Министрликтин карамагына тийиштүү болгон маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;

- Министрликтин карамагына тийиштүү болгон маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыздайт;

5) колдоо функцияларын:

- бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттардын методологиялык базасын, мамлекеттик бюджетти кассалык аткаруу боюнча операцияларды, программалык негизде бюджеттерди түзүүнү жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду иштеп чыгат жана өркүндөтөт;

- Мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугунун, ички аудитинин жана ички контролдоонун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун методологиялык базасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;

- эл аралык келишимдерди түзүү жол-жобосуна, эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, чет мамлекеттердин коммерциялык эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга катышат;

- бир айга, кварталга жана жылга мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө отчёттук маалыматтарды топтойт жана талдайт, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана  консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун кварталдык жана жылдык талдоосун даярдайт;

- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматты жайылтат;

- сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдерди жана жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниетсиз жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлар резервин түзүү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит жана ички контролдоо системасын өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;

- белгиленген тартипте ички аудиторлорду сертификациялоодон өткөрөт;

- Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдында кепилдик берүүчү катары чыгат;

- кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окутууну уюштурат жана жүргүзөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 2802022-жылдын 10-июнундагы № 3072022-жылдын 20-июнундагы № 3262024-жылдын 6-майындагы № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

5. Министрликтин укуктары

 

13. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Министрликтин иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизүүгө;

2) Министрликтин иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

3) Министрликтин иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзүлүүчү эл аралык келишимдери боюнча сунуштарды киргизүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коюуга;

5) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ведомстволор жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;

6) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;

7) Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартууга;

8) Министрликтин иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңеш берүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;

9) Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгууда мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) ишке тартууга;

10) мыйзам бузуулар боюнча иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдарды, белгилүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана иштерди аткаруу укугуна ээ болгон, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди жана адистерди ишке тартууга;

11) соттук инстанцияларда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда Министрликтин кызыкчылыктарын коргоого;

12) Министрликтин иш чөйрөсүнө тийиштүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте сурап алууга;

13) Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;

14) Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу болууга жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын ишке ашырууга;

15) бузуулар жөнүндө иштер боюнча протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, жазаларды колдонууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонууга;

16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.

 

6. Министрликтин ишин уюштуруу

 

14. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу финансы министри (мындан ары – министр) жетектейт.

15. Министрликте министрдин  биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралат.

16. Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, финансы министрине түздөн-түз баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызматтан бошотулушу мүмкүн.

17. Министр:

1) Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик алат;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;

3) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

4) Министрлер Кабинетинин атынан жана анын тапшырмасы боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;

5) министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын кызматка дайындоо үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасына талапкерлерди көрсөтөт;

6) министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

7) Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, эгерде укук коргоо органдарынын, финансылык чалгындоо органдарынын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашууларда башкача тартип каралбаса, анда аларды өзгөртүүгө Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөн учурда гана жол берилет. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

8) эгерде укук коргоо органдарынын, финансылык чалгындоо органдарынын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашууларда башкача тартип каралбаса, анда Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын белгиленген ченемдердин алкагында бекитет;

9) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

10) ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун долбоорун Президенттин Администрациясына бекитүүгө киргизет;

11) Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;

12) Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

13) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, ошондой эле кызмат жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте киргизет;

14) Министрликтин системасынын кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;

15) Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдары менен жамааттык келишимге кол коёт;

16) белгиленген тартипте Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, бүтүмдөрдү түзөт;

17) Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;

18) кызмат орду боюнча Министрликтеги жарандык коргонуунун начальниги болуп эсептелет жана жарандык коргонууну жетектейт;

19) Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;

20) Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чечимдерин жокко чыгарат, мында бул чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт;

21) айрым ыйгарым укуктарды ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу;

211) Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн айырмалоочу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле ушул айырмалоочу белгилер жана башка расмий символдор жөнүндө жоболорду жана алардын сыпатталышын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Министрдин орун басарлары, министр тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, тейлөөчү багыттар боюнча ишти уюштурушат жана аткарылышын контролдошот.

19. Министрдин орун басарларынын бири финансы министринин номенклатурасына кирген административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларын кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштарды даярдайт, мында анын башка тартиби укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.

20. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча, ошондой эле Президенттин Администрациясынын өкүлү коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат, ал Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча аныкталат.

ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы  130 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Министрликтин коллегиясынын мүчөлөрүнүн жеке курамы министр тарабынан бекитилет.

22. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 217 токтомуна ылайык күчүн жоготот)

23. Министрликте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.

24. Ведомстволук бөлүмдөр өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү жоболордун негизинде жүргүзүшөт жана түздөн-түз Министрликке баш ийишет.

25. Аймактык бөлүмдөр өз ишин министр тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүргүзүшөт.

26. Министрликтин борбордук аппаратын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

7. Корутунду жоболор

 

27. Министрликтин кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

28. Министрликтин иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.