Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ НУРБЕК АКЖОЛОВ ГЕРМАНИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН БОРБОРДУК АЗИЯ БОЮНЧА РЕГИОНАЛДЫК ОФИСИНИН ДИРЕКТОРУ ПЕТАР ГЕОРГИЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
КРФМ
Жолугушууда KfW тарабынан каржыланган долбоорлордун жүрүшү кеңири каралып, мындан аркы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикир алмашылды. Министрдин орун басары көп жылдык туруктуу өнөктөштүктү белгилеп, банктын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымына ыраазычылык билдирди.
Тараптар биргелешкен демилгелердин портфелин кеңейтүү, аймактык өнүгүү багыттарын өркүндөтүү жана кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн караштырышты. Ошондой эле Германиянын өнүгүү жаатындагы кызматташтыгынын инструменттери аркылуу инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорго кошумча каржылоо тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар активдүү диалогду улантууга жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдиришти.