Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ 2025-ЖЫЛДЫН I - ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министр А.К.Бакетаевдин төрагалыгы алдында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджеттин аткарылышына жана министрликтин негизги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйын болуп өттү.
Жыйын эки негизги бөлүктөн турду. Биринчи бөлүктө республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү, салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түзүмү, финансылык коопсуздукту камсыздоо чаралары, иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүү процессинин учурдагы абалы кеңири талкууланды.
Экинчи бөлүктө бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоо, экономиканын тармактары боюнча каржылоону камсыздоо, социалдык чөйрөгө багытталган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, капиталдык салымдарды башкаруу жана бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү маселелери каралды.
Жыйынга министрдин орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана видеоконференция форматында аймактык бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Бюджеттин аткарылышы боюнча негизги көрсөткүчтөр:
- 2025-жылдын январь–июнь айларында республикалык бюджеттин кирешеси 277 978,6 млн сомду түзүп, план 107,3%га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 138,3% болду.
- Чыгашалардын көлөмү 222 863,0 млн сомду түзүп, план 94%га аткарылды. Бюджеттик мекемелерден түшкөн бардык өтүнүчтөр толук канааттандырылды.
- Бюджеттин профицити 55 115,7 млн сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору көрсөткүч.
- Салыктык кирешелер 181 372,4 млн сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу салыктык кирешелер 25,8%га өстү.
- Салыктык эмес кирешелер 92 983,9 млн сомду түзүп, белгиленген план 13,9%га ашыгы менен аткарылды.
Министр Бакетаев натыйжалуу фискалдык саясат өлкөнүн финансылык туруктуулугун чыңдоонун, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуунун жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун негизги фактору экенин баса белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында макроэкономикалык тең салмактуулукту мындан ары камсыз кылууга, бюджеттик пландоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана мамлекеттик каржы системасынын туруктуулугун бекемдөөгө багытталган бир катар конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
5 сүрөттөр
0.00MB