Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ГЕРМАНИЯНЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ГЕРМАНИЯНЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ_KfW

 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев Германиянын Өнүктүрүү банкынын (KfW) Борбордук Азия боюнча кеңсесинин директору Андреас Шнайдер мырза менен жолугушуу өткөрдү.

            Жолугушуунун жүрүшүндө Шнайдер мырза өзүнүн аймактагы дипломатиялык миссиясынын жыйынтыгын чыгарып, KfW банкынын Борбордук Азиядагы жаңы директорун - Петар Гжоржиев мырзаны  тааныштырды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Германиянын Өнүктүрүү банкынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого бурулду.

            Финансы министрлиги Шнайдер мырзага жемиштүү кызматташуусу жана эки өлкөнүн финансы жаатындагы алакаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Гжоржиев мырзага жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалайт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1798

Окшош жаңылыктар