Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ PEFA-2026 БААЛООГО ДАЯРДЫК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ
КРФМ
2026-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин имаратында PEFA 2016 методологиясы боюнча мамлекеттик финансыны башкарууну улуттук баалоого даярдыкка арналган окуу семинары болуп өттү.
Иш-чараны ачып жатып, Финансы министринин биринчи орун басары Р.Суйналиев белгилегендей, Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун жана Европа комиссиясынын катышуусу менен иштелип чыккан PEFA бюджеттик процесстерди баалоонун таанылган эл аралык стандарты болуп саналат. Ал белгилегендей, 2026-жылы баалоо жүргүзүү финансылык көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүнүн фонунда өзгөчө актуалдуу: 2025-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити ИДПнын 2,5% деңгээлинде, консолидацияланган бюджеттин көлөмү ИДПнын 55,7% га чейин өскөн жана 2021-жылдан баштап салыктык түшүүлөрдүн үч эседен ашык көбөйгөн.
Министрдин биринчи орун басарынын айтымында, ресурстук базаны масштабдуу кеңейтүү финансылык башкаруунун сапатын бекемдөөнү талап кылат, ал эми PEFA-2026 жыйынтыктарды объективдүү тастыктоого жана мындан аркы реформалардын артыкчылыктарын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул 2006-жылы башталган системалык мониторинг практикасын уланткан бешинчи улуттук баа болот.
Баалоону көзкарандысыз жүргүзүү үчүн Европа Биримдиги эл аралык LINPICO SARL аттуу консалтинг компаниясы менен иш алып барууда Мындан тышкары, PEFA баалоосу Европалык Союздун техникалык колдоосу астында жүргүзүлүп жатканын белгилөө маанилүү, Европалык Союз болсо өз кезегинде эл аралык LINPICO SARL аттуу консалтин компаниясын тарткан. Р.Суйналиев мамлекеттик органдарды маалыматтарды өз убагында берүүгө жана эксперттик топко көмөктөшүүгө чакырып, ачык жана жоопкерчиликтүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Семинар катышуучуларды PEFA 2016 методологиясы, индикаторлордун түзүмү жана отчеттук материалдарды даярдоонун талаптары менен иш жүзүндө тааныштырууга багытталган.
Жыйынтыгында Р.Суйналиев бардык тараптардын биргелешкен иши жогорку деңгээлде баа берүүгө жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун бекемдөөгө мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.
3 сүрөттөр
0.00MB