Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЕРӨБ КАРЖЫЛАГАН СУУ ДОЛБООРЛОРУ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЕРӨБ КАРЖЫЛАГАН СУУ ДОЛБООРЛОРУ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

КРФМ

          Борбордук долбоорлорду ишке ашыруу борбору (БДИБ) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ичүүчү жана саркынды суу системаларын жакшыртуу маселелерине арналган тегерек стол өткөрдү.

            Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын, ЕБРРдин өкүлдөрү жана тариф саясаты боюнча консультанттар катышты. Тегерек столдо ЕБРР тарабынан каржыланган 26 суу чарба долбоорунун жыйынтыктары жана учурдагы абалы каралды. Алардын ичинен 9 долбоор толугу менен аяктады. Каржылоонун жалпы көлөмү 166 миллион еврону түзүп, анын ичинен 53,4 миллион евро гранттык жардам түрүндө берилген.

Катышуучулар долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги тоскоолдуктар катары документ иштеринин узактыгын, адистердин жетишсиздигин жана кредиттерди кайтарууда кыйынчылыктарды белгилешти. Ошондой эле суу чарба ишканаларынын туруктуулугун камсыз кылуу, тарифтик саясатты өркүндөтүү жана долбоорлорду ишке ашырууну ылдамдатуу жолдору талкууланды.

Бул иш-чара тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын суу секторун өнүктүрүүдөгү мындан аркы кадамдарды биргелешип аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
2723

Окшош жаңылыктар