Тренддер
Кыргызстанда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлык аяктады
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өлкө аймагында көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана тазалыкты сактоого багытталган масштабдуу ишембиликтер өткөрүлдү.
Иш-чаралардын алкагында аймактарды тазалоо, административдик имараттарды көрктөндүрүү, ошондой эле жашыл көчөттөрдү отургузуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Коомдук жайлардын жана ага чектеш аймактардын санитардык абалына өзгөчө көңүл бурулду.
Бардык ишембиликтерге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү активдүү катышты.
Иштин жүрүшүндө аймактарды тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындай иш-чараларды өткөрүү экологиялык маданиятты, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, тазалыкты сактоого жана бүткүл өлкө боюнча тартипти жана көрктөндүрүүнү колдоого чакырабыз.
5 сүрөттөр
0.00MB