Menu

Кыргызстанда социалдык объектилерди модернизациялоо мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруу аркылуу жүргүзүлүүдө

Кыргызстанда социалдык объектилерди модернизациялоо мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруу аркылуу жүргүзүлүүдө

КРФМ

2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте жумушчу күн өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна, ошондой эле Академик М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барып, медициналык мекемелердеги капиталдык оңдоо жана модернизация иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Финансы министрине, ЖМК өкүлдөрүнө жана блогерлерге объектилерди каржылоо, курулуш-монтаж иштеринин жүрүшү, ошондой эле ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо тууралуу кеңири маалымат берилди.

Тактап айтканда, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун имараттарын капиталдык оңдоо иштери 2025-жылы башталган. Жалпы тендердик сумма 106 млн сомду түзүп, каражат республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу жана мамлекеттик казына облигацияларын (МКО) чыгаруунун эсебинен бөлүнгөн.

Мындан тышкары, аталган мекемеге медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 256 млн сом бөлүнгөн.

Учурда институттагы капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктап, медициналык мекеме толук кандуу режимде иштеп жатат.

Ошондой эле Академик М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барып 2024-жылы башталган капиталдык оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Жалпы тендердик сумма 423 млн сомду түзөт, анын ичинен 2026-жылдын 22-майына карата 396 млн сом бөлүнгөн.

Модернизациянын алкагында инженердик тармактар, жылытуу, желдетүү жана канализация системалары толугу менен жаңыланып, ошондой эле профильдик бөлүмдөр менен поликлиника оңдолгон.

Объекттеги капиталдык оңдоонун акыркы этабын 2026-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
721

Окшош жаңылыктар