Menu

Бишкекте студенттер арасында Финансылык коопсуздук боюнча Бешинчи Республикалык олимпиаданын финалы жыйынтыкталды

Бишкекте студенттер арасында Финансылык коопсуздук боюнча Бешинчи Республикалык олимпиаданын финалы жыйынтыкталды

КРФМ

2026-жылдын 14–16-апрель күндөрү Бишкек шаарында И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 127 студентти бириктирген Олимпиаданын финалдык этабы өттү.

Олимпиада Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулду.

Финалдын алкагында катышуучулар финансылык иликтөөлөр боюнча практикалык кейстерди чечип, тестирлөөдөн өтүштү жана банктык, финансы секторунун өкүлдөрү менен эксперттик талкууларга катышышты.

Командалык практикумдун жыйынтыгы боюнча 1-орунду төмөнкү ЖОЖдордун студенттеринен түзүлгөн команда ээледи:
И. Арабаев атындагы КМУ, КМЭУ, М. Адышев атындагы ОшТУ, КР Президентине караштуу АМББА, И. Раззаков атындагы КМТУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ, М. Рыскулбеков атындагы КЭУ, Б. Н. Ельцин атындагы КРСУ, ОшМУ.
Багыттар боюнча жеңүүчүлөр:
— Экономикалык коопсуздук: ОшМУ, КМТУ, КУУ
— Маалыматтык коопсуздук: КМТУ, «Ала-Тоо» ЭУ
— Эл аралык мамилелер: КУУ, КМЭУ, БМУ
— Юриспруденция: КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы, КРСУ
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы түзүлүп, Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадага (Красноярск ш.) катышат.

Олимпиада студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик органдар, билим берүү системасы жана финансы секторунун ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
621

Окшош жаңылыктар