Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНДА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
КРФМ
2026-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында Ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү. Жыйын мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократияны азайтуу боюнча реформаларды мониторинг кылуу максатында өткөрүлдү.
Жыйында мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан иштер талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР Финансы министри Алмаз Бакетаев финансы тармагында процесстерди оптималдаштыруу, бюрократияны азайтуу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Министр реформаларды ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртууга өбөлгө болорун белгилеп өттү.
Ошондой эле, А.Бакетаев комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип, финансы секторунда пландалып жаткан чаралар боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү берди.
Жыйынтыгында комиссия мындан ары мониторинг жүргүзүүнү улантуу жана ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча кийинки кадамдарды белгиледи.
1 сүрөттөр
0.00MB