Menu

Руслан Суйналиев журналисттерге Финансы министрлигинин ички ишмердүүлүгүн көрсөттү

Руслан Суйналиев журналисттерге Финансы министрлигинин ички ишмердүүлүгүн көрсөттү

КРФМ

2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында өзүнүн иш күнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте өткөрдү.

Иш-чара министрдин журналисттер менен мекеменин имаратынын алдында жолугушуусу менен башталып, анда Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү, министрдин күнүмдүк иши жана анын эмгек жолу тууралуу кеңири пикир алмашуу болду.

Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган министрлер галереясы көрсөтүлдү. Руслан Суйналиев адатта жумушка эрте келерин, кызматтык кабинетинде иш күнү кандай башталарын, ошондой эле расмий каттар менен таанышуу тартиби тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын алкагында Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев министрге 2026-жылдын 22-майына карата мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчеттук маалыматын берди.

Жолугушуудан жана пикир алмашуудан кийин Руслан Суйналиев райондук финансы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен видеоконференция байланыш (ВКБ) форматындагы жумушчу кеңешмеге катышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
650

Окшош жаңылыктар