Финансы министрлигинин жетекчилиги ардагерлерди куттуктады
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Эл аралык карылар күнүнө карата жана финансы-экономикалык жана салык системасында эмгектенген ардагерлерди сыйлоо максатында иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Улугбек Календеров жана «Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы Салмоорбек Асипов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Финансы министрлигинин жетекчилиги ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын көп жылдык ак ниет эмгегине, жогорку кесипкөйлүгүнө жана өлкөнүн каржы системасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымына ыраазычылык билдирди. Ыраазычылык иретинде бир катар ардагерлерге Ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда ардагерлер үчүн майрамдык дасторкон уюштурулуп, анда жылуу пикир алышуу жана өткөн күндөрдү эскерүү болду.
Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиевдин жана министрликтин жалпы жамаатынын атынан ардагерлерге көп жылдык эмгеги, бай тажрыйбасы жана өлкөнүн каржы системасынын, жалпы эле мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирилди.
Ардагерлерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк ынтымак жана жылуулук кааланды.
20 сүрөттөр
0.00MB