Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАМААТЫНА ЖАҢЫ МИНИСТР РУСЛАН СУЙНАЛИЕВ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ.

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАМААТЫНА ЖАҢЫ МИНИСТР РУСЛАН СУЙНАЛИЕВ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ.

КРФМ

Бүгүн 2026-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жамаатына жаңы министр Руслан Суйналиевди тааныштырды.

Адылбек Касымалиев министрликтин мамлекеттик финанстарды башкаруудагы жана ар түрдүү тармактардагы иштерди координациялоодогу маанилүүлүгүн белгилеп, алдыдагы иштерде туруктуулукту сактоо жана натыйжалуу ишмердүүлүктү улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз сөзүндө Руслан Суйналиев жамаат менен тыгыз кызматташып, министрликтин алдыдагы демилгелерин өнүктүрүүгө жана жаңы идеяларды жүзөгө ашырууга умтуларын билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1410

Окшош жаңылыктар