Тренддер
«Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Финансы министрлигинин башчысынын иш күнү Биринчи радиодогу маек менен башталды
КРФМ
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында өзүнүн иш күнүн Биринчи радиого маек берүү менен баштады.
Маектин жүрүшүндө министр, кызматка дайындалар алдында мамлекет башчысы тарабынан коюлган негизги талаптарга токтолуп, мамлекеттик кызматтагы жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптеринин маанисин белгиледи.
Ошондой эле, Финансы министрлиги мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, финансылык тартипти сактоо жана бюджеттик каражаттардын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө боюнча иштерди ырааттуу улантарын билдирди.
Мындан тышкары, түз эфирдин жүрүшүндө жарандардан түшкөн телефон чалуулар кабыл алынып, алардын суроолоруна тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.
2 сүрөттөр
0.00MB