Menu
Тренддер
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: МАНДАТ АКЧАГА САТЫЛБАЙТ, ШАЙЛОО ТАЗА ӨТКӨРҮЛӨТ
КРФМ
Жаңы шайлоо мыйзамы шайлоо жараянын таза өткөрүүнү көздөйт. Президент Садыр Жапаров мындан ары мандат акчага сатылбай турганын, талапкерлер өз күчү жана элдин ишеними менен гана атаандашаарын эскертти.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эгер министр, мэр, аким, мектеп директору же мугалим шайлоого катышууну чечсе, анда алар кызмат ордун тапшырып, андан кийин гана талапкер катары катталууга укуктуу экенин билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, шайлоого катышуу ар бир жарандын укугу, бирок жетекчилик кызматты сактап туруп, саясий күрөшкө аралашуу мамлекеттик кызматкердин этикасына жана тең атаандаштык принциптерине каршы келет.
“Ким депутат болом же талапкерлигин коём десе - эч кандай чектөө жок. Бирок кызмат ордун тапшырып, шайлоого катышсын. Министр болобу, мэрби, акимби, мектеп директору же жөнөкөй мугалимби айырмасы жок. Эгер жетиштүү добуш алышса -депутат болушат. Эгер өтпөй калышса мурдагы кызмат ордуна кайта алышпайт”, - деди Президент Садыр Жапаров.
Ошондой эле, Президент мындай тартип мамлекеттик органдардагы адилеттүүлүктү камсыздап, жетекчилер тарабынан кол алдындагы кызматкерлерге басым жасоо коркунучун жоёт деген пикирин билдирди.
“Болбосо жетекчилер кызматкерлерин коркутуп башташы мүмкүн: “Эгер мен өтпөй калсам, кайра келем. Мага иштебей койсоңор, көргүлүктү көрсөтөм!” - деген көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн ушундай ченем киргизилген”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Бул кадам өлкөдө таза жана калыс саясий атаандаштыкты камсыздоого, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жана бейтараптуулугун сактоого багытталган.