Menu

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЧӨЙРӨСҮНДӨ КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ: 2025-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ БЕШ АЙЫНДАГЫ ОКУТУУ ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЧӨЙРӨСҮНДӨ КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ: 2025-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ БЕШ АЙЫНДАГЫ ОКУТУУ ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

КРФМ

 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө адистердин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү иштерин системалуу түрдө улантууда.

            2025-жылдын январь айынан май айына чейинки мезгил ичинде мамлекеттик сатып алуулар багыты боюнча жалпысынан 724 угуучу окуудан өттү. Бул көрсөткүч мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин сатып алуулар жаатындагы компетенцияларын жогорулатууга болгон муктаждыгы өсүп жатканын жана Окуу борборунун билим берүү программаларына суроо-талап жогору экенин далилдейт.

            Эң көп катышуучуну камтыган жана суроо-талап жараткан программа – “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу (базалык деңгээл)” курсу болуп, анда ар кыл мамлекеттик мекемелерден жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келишкен 570 адис даярдыктан өтүштү.

            Башка программалардын арасында “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле мамлекеттин катышуусу 50 пайыздан ашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин (анын ичинде туунду уюмдардын) сатып алууларын башкаруу” курсу бар, аны 98 угуучу аяктады.

            Эл аралык каржылоонун катышуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун санынын өсүшүн эске алуу менен “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” программасына да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул курстун алкагында 37 адис квалификациясын жогорулаткан.

            Окуу борборунун бардык иш-чараларынын негизги максаты - сатып алуучу уюмдардын кесиптик потенциалын чыңдоо, сатып алуулар системасындагы ачык-айкындуулукту жана сапатты жогорулатуу, ошондой эле эл аралык заманбап стандарттарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасына натыйжалуу интеграциялоо болуп саналат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
2125

Окшош жаңылыктар