Menu

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЕРӨБ ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЕРӨБ ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

КРФМ

 

          Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев менен ЕРӨБнын вице-президенти Маттео Патроне өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул меморандум жалпы суммасы 400 млн еврого чейин болгон муниципалдык инфраструктура, сугат жана транспорт тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо боюнча алкактык макулдашууну даярдоого жол ачат. Бул макулдашуу өлкө боюнча туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ЕРӨБнын тиешелүү инвестицияларын оптималдаштырууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

            ЕРӨБ Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо долбоору үчүн каржылоонун экинчи траншын бөлдү, анын суммасы 3,3 млн еврого чейинки өлчөмдү (анын ичинде 1,6 млн евро грант) түзөт. Бул каржылоо шаарды суу менен камсыздоо инфраструктурасын модернизациялоого жардам берет жана 60 000ден ашуун жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз ичүүчү сууга жана жакшыртылган санитардык шарттарга үзгүлтүксүз жетүүнү камсыздайт. Долбоордун алкагында берилүүчү техникалык жардам жергиликтүү коммуналдык ишкананын институционалдык, операциялык жана финансылык потенциалын чыңдайт. Бул 2025-жылы Кыргызстанда ЕРӨБ тарабынан кол коюлган жетинчи суверендүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат, натыйжада өлкөнүн инфраструктурасына Банк тарабынан берилген инвестициялардын жалпы көлөмү ушул жылы 100 млн еврого жетет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
564

Окшош жаңылыктар