Menu
Тренддер
АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 520,23 МЛН СОМ СУММАСЫНДА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ
КРФМ
Азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-мартындагы №139-т менен “Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн суммасы 1 849,56 млн. сом.
2025-жылдын 18-декабрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 158 каржылоо субъекттерине жалпы суммасы 520,23 млн. сом жеңилдетилген кредит берилген.