Menu

БИШКЕК ШААРЫН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУН ГАЗДАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО-3 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 4,53 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

БИШКЕК ШААРЫН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУН ГАЗДАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО-3 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 4,53 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

КРФМ

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-т  менен “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.
            
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан, аларды кредиттөөнүн көлөмү 200,0 млн. сом суммасын түзөт.
           2025-жылдын 11-сентябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 36 каржылоо субъектине 4,53 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
753

Окшош жаңылыктар