Menu

БИШКЕК ШААРЫН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУН ГАЗДАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО-3 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 19,17 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

БИШКЕК ШААРЫН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУН ГАЗДАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО-3 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 19,17 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

КРФМ

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-т  менен “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.

Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан, аларды кредиттөөнүн көлөмү 200,0 млн. сом суммасын түзөт.

         2025-жылдын 25-декабрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 154 каржылоо субъектине 19,17 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
453

Окшош жаңылыктар