Menu
Тренддер
БИРИККЕН ТОВАР ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КАРЖЫЛОО ДОЛБООРУ БОЮНЧА 79,20 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ
КРФМ
Майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №786-т тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору (мындан ары – Долбоор) бекитилген.
Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2 200,0 млн. сом суммасын түзөт.
2025-жылдын 25-сентябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 12 каржылоо субъекттерине 79,20 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.