КЫРГЫЗСТАН 700 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК СУВЕРЕНДҮҮ ЕВРООБЛИГАЦИЯЛАРДЫ ЭЛ АРАЛЫК РЫНОКТО ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАЙГАШТЫРДЫ

КЫРГЫЗСТАН 700 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК СУВЕРЕНДҮҮ ЕВРООБЛИГАЦИЯЛАРДЫ ЭЛ АРАЛЫК РЫНОКТО ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАЙГАШТЫРДЫ

Лондон, 2025-жылдын 27-майы

 

    

    Кыргыз Республикасы 27-майда Лондондо биринчи жолу эл аралык каржы рынокторуна суверендүү еврооблигацияларын ийгиликтүү жайгаштырды. Облигациялардын купондук ставкасы 7,75% түзүп, беш жылдык мөөнөткө белгиленип, 700 миллион АКШ долларлык инвестиция тартты.

     Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү – министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору Умутжан Моминович Аманбаев, Борбордук казыналыктын директорунун орун басары – Дуйшембиева Назгуль Мукамбетовна, Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын начальниги – Абданбек Абдыбапов жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси  –  Улан Калыгулович Жусуповдор катышышты.  Аны менен катар эл аралык финансылык уюмдардын өкүлдөрүнөн China Citic Bankтан Энди Сиоу, Oppenheimer компаниясынан Фарход Иногамбаев, Citi Groupтон Таисия Рудияк менен Дмитрий Кононовдор да иш-чарада болушту. 

      Инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2,1 миллиард доллардан ашып, бул финалдык келишимдин көлөмүнөн үч эсе көп болду. Еврооблигацияларды жайгаштыруу процессине Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвестор катышып, кыргыз экономикасына болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөттү.

         Кыргыз Республикасынын еврооблигацияларына болгон мындай жогору кызыгуу өлкөнүн туруктуу макроэкономикалык саясатына, каржы системасынын чыңдалышына жана өлкө жетекчилигинин ачык-айкындуулукту, бюджеттик тартипти жана эл аралык каржылык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган аракеттерине болгон ишенимдин артканын тастыктап турат.

         Өлкө үчүн бул дебюттук эмиссия инвестициялык аброюн жогорулатып, инфраструктураны, энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик каржылоо туруктуулугун камсыз кылууга багытталган узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды тартууда маанилүү кадам болуп саналат.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1264

Окшош жаңылыктар