Menu

КЕМЕЛБЕК  НАНАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

КЕМЕЛБЕК  НАНАЕВДИН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

 

            2025-жылдын 6-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик ишмер, мурдагы финансы министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биринчи төрагасы Кемелбек Касымкулович Нанаевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз Республикасынын финансылык көз карандысыздыгы жана экономикалык коопсуздугу: К.К. Нанаевдин сабактары” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ачылышында К.К. Нанаевдин өмүр жолу жана эмгегине арналган “Кемелбек Нанаев: реформалар доору” аттуу документалдуу тасма көрсөтүлдү.

            Салтанаттуу бөлүктө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Алешович “Кемелбек Нанаев көз карандысыз Кыргызстандын финансылык-экономикалык системасынын калыптанышында маанилүү роль ойногонун баса белгиледи. Анын түздөн-түз жетекчилиги алдында 1993-жылы улуттук валюта – сом ийгиликтүү киргизилип, ал жөн гана акча бирдиги эмес, өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн күчтүү символу болуп калды”- деп билдирди.

            Ошондой эле, Кемелбек Нанаев көрүнүктүү реформатор жана мамлекеттик ишмер гана болбостон, таланттуу окумуштуу, акылман педагог, ошондой эле жогорку маданияттуу жана терең жарандык жоопкерчилиги бар адам болгонун кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Кушбекович Бакетаев өз сөзүндө: “Советтик мезгилден кийин өлкө өз алдынча жашоонун моделин издеп жаткан татаал доордо Кемелбек Касымкулович чоң жоопкерчилик менен аракет кылган, ошол мезгилде биринчи улуттук валютабызды киргизүү- чыныгы экономикалык эрдик болгондугун жана бул кадам Кыргызстандын финансы системасын түптөгөн негизги окуя катары тарыхта жазылып калат”- деп белгиледи.

Ошондой эле, министр А.К. Бакетаев учурдагы санариптик экономикага өтүү процесстерине токтолуп, финансы секторундагы системалуу өзгөрүүлөр улуттук өнүгүүнүн жаңы этабына жол ачып жатканына токтолуп:

“Бүгүн биз санариптик фонддорду, электрондук эсепке алуу жана башкаруу системаларын киргизип жатабыз. Бул - финансылык башкаруунун жаңы баскычы. Азыркы бюджеттик процесс орто мөөнөттүү болжолдорго  негизделип, 3–5 жылдык стратегиялык багытта жүргүзүлүүдө. Эми калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу-мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп калышы керек” - белгиледи министр.

Конференциянын пленардык бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министрлери Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангельды Муралиев, Жанторо Сатыбалдиев жана башка белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер К.К. Нанаевдин өлкөнүн экономикалык саясатындагы реформатордук багытын жана фискалдык башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча жүргүзгөн ишмердигин эскерип, жогорку баасын беришти.

Бул илимий-практикалык иш-чара К.К. Нанаевдин тарыхый салымын эскерүүдөн тышкары, келечектеги финансылык жана экономикалык изилдөөлөр үчүн маанилүү платформа болуп кызмат кылды. Анын реформалык ишмердиги, кесипкөйлүгү жана мекенге берилгендиги Кыргызстандын экономикалык жана билим берүү тарыхында үлгү катары сакталат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
496

Окшош жаңылыктар