Тренддер
Кыргызстан менен Өзбекстандын финансы министрлери эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
КРФМ
2026-жылдын 29–30-июнунда Ташкент шаарында өткөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - Өзбекстан Республикасынын экономика жана финансы министри Жамшид Кучкаров менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын финансылык-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын, эки өлкөнүн Финансы министрликтеринин ортосунда түзүлгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун аткарылышын, ошондой эле мамлекеттик финансы, бюджеттик саясат жана адистердин тажрыйба алмашуусу багыттарындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын алкагында биргелешкен ишти координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Руслан Суйналиев эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, эки мамлекеттин жетекчилеринин саясий эркинин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери ырааттуу өнүгүп, барган сайын практикалык мүнөзгө ээ болуп жатканын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин ырастап, Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду практикалык жактан ишке ашырууну активдештирүүгө, тиешелүү адистердин ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашышты.
3 сүрөттөр
0.00MB