Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев ЖМК өкүлдөрү үчүн «Ачык кабинет» өткөрдү: мамлекеттик финансыдагы санариптештирүү жана ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулду
КРФМ
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте жумуш күнүн өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында министр журналисттер үчүн жакында капиталдык оңдоодон өткөн Борбордук казыналыктын имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясын уюштурду.
Жолугушуунун негизги максаты — ЖМК өкүлдөрүн мамлекеттик каражаттарды башкаруунун заманбап механизмдери, санариптик чечимдер жана Кыргыз Республикасынын бюджеттерин аткаруу системасы менен тааныштыруу болду.
Экскурсиянын жүрүшүндө Финансы министри Кыргыз Республикасынын казыналык системасынын калыптануу тарыхы, Борбордук казыналыктын негизги функциялары жана анын бюджеттик процесстеги ачык-айкындуулукту бекемдөөдөгү ролу тууралуу айтып берди.
Ошондой эле журналисттерге мамлекеттик бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө механизмдери, ошондой эле өлкөнүн финансы системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө көңүл казыналыктын ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды жана электрондук башкаруу элементтерин киргизүүгө бурулду. Катышуучуларга мекеменин ишинде колдонулган заманбап маалыматтык системалар көрсөтүлүп, мамлекеттик финанстарды башкаруунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу айтылды.
«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоору мамлекеттик органдардын ачыктыгын чыңдоого жана бийлик, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган.
6 сүрөттөр
0.00MB