Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ РУСЛАН СУЙНАЛИЕВ МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫН ЖАМААТКА ТААНЫШТЫРДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ РУСЛАН СУЙНАЛИЕВ МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫН ЖАМААТКА ТААНЫШТЫРДЫ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 262-т тескемесине ылайык, министрдин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулун Финансы министрлигинин жамаатына тааныштырды.       

            Өз сөзүндө министр Талас Айдарбек уулунун буга чейинки эмгек жолу тууралуу токтолуп, анын Бюджеттик саясат башкармалыгындагы үзүрлүү ишмердүүлүгүн, жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана кызматтык жоопкерчилигин өзгөчө белгилеп, ага жаңы, жооптуу кызматына ийгиликтерди каалады.

Финансы министри Руслан Суйналиев өз сөзүндө: “Биздин негизги милдет - мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюп, өлкөбүздүн экономика жана финансы тармагында таза, ак ниет иш алып баруу жана мыйзамдарды так сактоо”, - деп баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында Финансы министрлиги кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, алардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө ар дайым колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1113

Окшош жаңылыктар