Тренддер
Финансы министри Руслан Суйналиев жалпыга маалымдоо каражаттары менен блогерлердин катышуусундагы кеңешмеде бюджеттик долбоорлорду ишке ашырууну жана каражаттарды өздөштүрүүнү көзөмөлдөөнү талкуулады
КРФМ
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте иш күнүн өткөрдү.
Ведомствонун чоң залында кеңешме өтүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткаруу, республикалык бюджеттин эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактык бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Министр ведомствонун компетенциясына кирген маселелерге көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле министрликтин борбордук аппараты менен аймактык башкармалыктардын оперативдүү өз ара аракеттенүүсү зарылдыгын белгиледи.
Каракол, Талас жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрияларына объектилерди реконструкциялоого, жолдорду оңдоого, автобустарды сатып алууга жана эл аралык иш-чараларга даярданууга бөлүнгөн кошумча каражаттарды өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, стимулдаштыруучу гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Министр аймактык финансы башкармалыктарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын методикалык колдоосун күчөтүүнү, долбоорлордун үзгүлтүксүз мониторингин камсыз кылууну жана объектилерди пайдаланууга берүү мөөнөтүнүн үзгүлтүккө учурашына жол бербөөнү тапшырды.
3 сүрөттөр
0.00MB