Menu

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Япониянын элчиси менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Япониянын элчиси менен жолугушту

КРФМ

 

2026-жылдын 25-майында «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте иш күнүн өткөрдү.

Иш күнүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушуу өттү. 

Жолугушууда тараптар өткөн саммиттин жыйынтыктарын, кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана жакынкы беш жылга карата Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы өнөктөштүк стратегиясын даярдоо маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана 2026-жылга карата кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу пикир алмашуу болду.

Министр Руслан Суйналиев Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, экономика, финансы жана инвестиция тармактарындагы кызматташтык эки өлкө үчүн маанилүү экенин айтты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
758

Окшош жаңылыктар