Кыргыз Республикасынын Финансы министри АИИБнин Доха шаарында өткөн 11-жылдык жыйынынын ачылышына катышты
КРФМ
2026-жылдын 28-сентябрында Катар мамлекетинин Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев 28-29-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ / AIIB) Башкаруучулар кеңешинин 11-жылдык жыйынынын ачылышына катышты.
Быйылкы жылдык жыйындын темасы - «Келечектин инфраструктурасы: таасир жана инновациялар» (Tomorrow’s Infrastructure: Impact and Innovation).
Иш-чара туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү жана каржылоо, инновациялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине арналды. Ошондой эле жылдык жыйын АБИИнин ишмердигинин экинчи он жылдыгына өтүү мезгилине туш келүүдө.
Иш-чарага АИИБге мүчө мамлекеттердин делегациялары, финансы министрлери, эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөлүк финансы жана бизнес коомчулугунун жетекчилери катышууда.
Кыргыз Республикасынын АИИБнин иш-чарасына катышуусу банк жана эл аралык өнөктөштөр менен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
7 сүрөттөр
0.00MB