КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ  ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ДООЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ДООЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

КРФМ

     Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Финансы министри А.К. Бакетаев менен Азия Өнүктүрүү банкынын шайлоо округунун Аткаруучу директору мырза Парджиононун жолугушуусу болуп өттү.
       Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар кайсы тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулап, Азия Өнүктүрүү банкы менен өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүү боюнча ниеттерин билдирди.
      Финансы министри А.К. Бакетаев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровтун колдоосу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин тапшырмаларынын алкагында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо болуп саналат. «Ишкердикти бекемдөөгө жетишпей туруп, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана бюджеттин киреше базасын кеңейтүү мүмкүн эмес». - деди министр.
     “Өлкөнүн уникалдуу табигый жана маданий потенциалы менен туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын, “Көптөр Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрдү толук биле элек. Жагымдуу климат менен катар өлкөдө туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн бай табигый жана маданий ресурстар бар” – деп кошумчалады министр. Ал чакан жана орто бизнес, туризм жана экологиялык долбоорлорду комплекстүү өнүктүрүү туруктуу экономикалык өсүүгѳ жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн билдирди.
       Азия Өнүктүрүү банкынын шайлоо округунун Аткаруучу директору мырза Парджионо Кыргызстан акырындык менен өнүгүп жатканын жана өлкөнүн чоң потенциалга ээ экенин айтып ѳттү. Айрыкча энергетика тармагындагы долбоорлорго, туризмди өнүктүрүүгө жана жаштарды колдоого өзгөчө көңүл бурулду. “Биз көрүп турабыз: чакан инвестициялар да олуттуу натыйжа берет. Кыргызстан “жашыл экономика” багытында өнүгүп жатат, жана биз үчүн эң маанилүүсү – бөлүнгөн каражаттын көлөмү эмес, анын пайдаланыдышы пайдаланылышы. Билим берүү жана адамдык капиталды өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ, анткени жаштар – өлкөнүн келечеги. Биз биргеликте, этап менен жана өз ара пайдалуу негизде иш алып барууга даярбыз, бул Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», – деп белиглеп ѳттү мырза Парджионо.
        Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты улантуу ниетин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
427

Окшош жаңылыктар